Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Достук - кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн өркүндөтөт!

2023-жылдын 22-23-майында Өзбекстан жана Кыргызстан профсоюздар Федерацияларынын, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук  комитеттеринин ортосундагы Меморандумдарды жана Кесиптик бирликтин Наманган, Жалал-Абад областтык Кеңештеринин ортосундагы Макулдашууларды ишке ашыруу  максатында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин делегациясы Наманган областында иш сапар менен болушту.

Өзбекстан Республикасындагы “Достук - кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн өркүндөтөт!” аталышындагы эл аралык иш-чарага катышкан делегацияны кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов жетектеди. Анын курамында кесиптик бирликтин райшаардык комитеттеринин төрагалары болушту.

Аталган иш-чаранын алгачкы күнүндө өзбекстандык кесиптештер делегацияны Андижан областынын “Маданият” чек ара өткөрүү жайынан тосуп алышты. Жалал-Абад областынын өкүлдөрү менен Наманган областтык профсоюздар Кеңешинин жана тармактык областтык кеңештеринин төрагалары жолугушуп, пикир алышуу болду. Билим  берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Наманган областы боюнча координатору Л.Ганиев өзүлөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири баяндама берди. Делегация Өзбекстандын Чартак районундагы “Чартак” санаториясынын ишмердүүлүгү жана райондогу “Султон Увайс Кароний” зиярат комплексинин тарыхы менен таанышышып, “Гүлдөр фестивалына” катышышты.

Иш-чаранын экинчи күнүндө делегация мүчөлөрү “Океан” суу спорту комплекси, андагы түзүлгөн шарттар менен таанышышты. Андан соң Наманган шаарынын  Давлатабад районундагы Президент мектебинин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, балдарга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана жаралган ийгиликтер тууралуу маалыматтарды алышты. Делегация Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Наманган шаардык комитетинин иши менен таанышып, тажрыйба алмашышты. Делегация мүчөлөрүн кабыл алган ар бир ишканалардын жетекчилерине эстелик белектери тапшырылды. Алар дагы делегациянын өкүлдөрүнө эстелик белектерин беришип, меймандостукту көрсөтүштү.

Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин өкүлдөрү Өзбекстан кесиптик бирлик комитетине меймандостук жана жогорку деңгээлдеги кабыл алуулары үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров