Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эл аралык карыялар күнү

"Карысы бардын – ырысы бар" деген кыргыз элинин макалын эске алып 1-октябрь эл аралык карыялар күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин 260ка жакын мугалимдерине Ош МУнун ректораты жана профсоюз комитетти тарабынан сый көрсөтүлдү.

Чон программадагы концерт тартууланып,  ОшМУнун ректору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович жана Ош МУнун Бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Аккулов Абдыжапар Ураимович ардагермугалимдерди куттуктап, 130000 миң сом өлчөмүндө акчалай белектер тапшырылды. Андан сырткары, Ардагерлер Кеңешинин буга чейинки жетекчиси болуп келген Анарбаев Арап Анарбаевич төрагалык кызматын откоруп бергендигине байланыштуу ага 25 000сом акчалай сыйлык жана баалуу белек тапшырылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилигинин орун басары Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич катышып, министрликтин атынан жана жеке өзүнүн атынан ардагер мугалимдерди куттуктады.

 

 ОшМУнун  профсоюз комитети тарабынан даярдалды.