Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата марафон өттү

2008-жылдын 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Баткен районунун Самаркандек айылындагы “Бала нур” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “Менин бакчам – гүл бакчам” аттуу марафон болуп өттү. Марафон тарбиялануучу балдар тарабынан даярдалган оюн-зоок менен коштолду. Марафонго ата-энелер, демөөрчүлөр, билим берүү мекемелеринин жетекчилери чакырылган. Марафондон түшкөн каражатка балдар бакчанын жылытуу системасын алмаштыруу үчүн пайдаланылмакчы.     

Марафонго райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы Т.Жумаев, айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Орозовдор катышышып, балдар үчүн калоо тилектерин айтышып, алып барган белектерин берип, марафонго акчалай салымдарын кошуп кайтышты.

Ошол эле күнү “Үмүт-Самаркандек” атайын балдар бакчасына барып, ал жердин тарбиялануучу балдарын майрамдары менен куттукташып, аларга да белектерин берип кайтышты.

Билим беруу кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Баткен

райондук комитетинин жетектөөчү адиси Б.Абдыразакова