Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эгемендүүлүктүн урматына арналган спорт оюндары

        Жакында Сузак районундагы айыл округдарынын билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдык жана Билим күнү майрамдарынын урматына спорттук мелдештер «Адеп, ыйман, укуктуулук маданияты жылынын» алкагында өткөрүлдү.

        Ага ар бир округдан кыз-келиндерден түзүлгөн командалар жигердүү катышышып, майрамды шаӊга бөлөштү.

       Спорттун, айрыкча, волейбол түрү өнүгүп, массалуулукка ээ болуп жаткандыгы калыстар тарабынан өзгөчө белгиленди.

35 жашка чейинки профсоюз мүчөлөрү өздөрүнүн шамдагайлыктарын көрсөтүшүп, баш байгенин ээси болушту.

      Жеӊүүчүлөргө номинациялар боюнча да сыйлыктар тапшырылды.

     Иш-чаранын демилгечиси жана уюштуруучусу катарында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкому (төрагасы А.Исмаилов) жеӊүүчүлөрдү сыйлады жана материалдык колдоо көрсөттү.

Обкомдун пресс-катчысы: Абдыкадырова Махабат