Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленди

31-август күнү Базар-Коргон шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы шаңдуу белгиленди.

Иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын, Базар-Коргон шаарынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Базар-Коргон райондук кесиптик бирлик комитетинин, райондогу ишканалардын жетечилери, билим берүү уюмдарынын мугалимдери, райондогу ишканалардын кызматкерлери, коноктор  жана райондун эли катышты.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата борбордук стадиондо  парад уюштурулуп, райондогу мекеме-уюмдардын кызматкерлери, анын ичинен билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдер, кызматкерлер шаңдуу, майрамдык маанайда  өтүштү.

Жогорудагы мекеме-уюмдардын жетекчилери отуз жылда районубузда болгон өзгөрүүлөр, жетишкендиктер жана алдыда болуучу иштер жөнүндө айтышып, өлкөбүздө тынчтыкты, ынтымактуулукту каалашты. 

             

Маалыматты даярдаган: райКБКнын адиси  К.Асыранкулов