Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Достук жана кызматташтык делегациясы

Жалал-Абад областынан, анын ичинде Базар-Коргон районунун билим берүү тармагынан А.Навои атындагы №4 орто мектебинин директору Кадиров Мамасоли, мекеме-уюмдардын адистеринен куралган, достук жана кызматташтык делегациясы Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында өткөн “Үч муундун жолугушусу” аттуу иш-чарасына барып, катышып келишти.

Иш-чарага Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан республикаларынын чектешкен областтарынан келген мекеме-уюмдардын, ишканалардын кызматкерлери жана делегаттар катышты. Иш-чарада улуттар арасында ынтымак, улуу мундарды урматтоо, өндүрүштү өнүктүрүү менен элди иш менен камсыздоо боюнча маселелер каралды. Иш-чаранын алкагында азык-түлүк жана ишканалардын чыгарган товарларынын жарманкелери уюштурулуп, областтар арасында кызматташтык талкууланды. Иш-чаранын катышуучулары жолугушуу жакшы өтүп, пайдалуу болгондугун билдиришип, үч мамлекеттин элине ынтымак, жакшылык жана мамлекеттердин өнүгүп өсүшүн каалашты. Мектеп директору М.Кадиров  барып келүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн кесиптик бирликтин райондук комитетине ыраазычылыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов