Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгы кичи мекени Ноокенде белгиленди

Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, коомдук ишмер, публицист, режиссёр жана саясатчы Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдык мааракеси өзү туулуп өскөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда белгиленди.

Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болсо 13-февралда 80 жашка толмок. Эскерүү иш-чарасына райондун акими Э. Маматаев, айыл өкмөт башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Д.Садырбаевдин туугандары катышты.

Д.Садырбаевдин бюсту «Ноокен районунун баатырлары» аллеясында жайгашкан. Анын ысымы Масы айыл аймагындагы көчөгө, Бүргөндү айыл аймагындагы №33 мектепке ыйгарылган. Ошондой эле А.Кулумбетов атындагы райондук тарыхый-этнографиялык музейде бир бөлмө берилип, анда Д.Садырбаевдин эмгектери жана буюм-тайымдары коюлган.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө Д.Садырбаевдин эстелигине гүл коюлуп, андан соң куран окулду. Экинчи бөлүгүндө райондук билим берүү жана маданият бөлүмдөрү тарабынан Д.Садырбаевге таандык «Айылыма», «Кимибизден» чыгармаларынан үзүндү аткарылды. Ошондой эле Достук айыл аймагынын №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектебинин эмгек жамааты тарабынан «Акбаранын көз жашы» тасмасынан үзүндү коюлду.

Иш-чарада аким Э.Маматаев, айыл өкмөт башчы Ж.Эшенкулов, Д.Садырбаевдин 95 жаштагы эжеси Тажикан Байгазиева, карындашы Гүласал Садырбаева сөз сүйлөп, айыл өкмөт башчыларына, Кочкор-Ата шаарынын мэрине Д.Садырбаевдин 5 томдук «Даанышман» аттуу китебин айылдык китепканалар үчүн тапшырышты.

 

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров