Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Дүйнөнү дүнгүрөткөн Чыӊгыз болсо, Алыкул поэзиянын алпы болгон»

       Кадамжай районунда 2018-жылдын 27-февралында кечээ эле арабыздан түбөлүккө кош айтышып кеткен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына «Дүйнөнү дүнгүрөткөн Чыӊгыз болсо, Алыкул поэзиянын алпы болгон» атуу адабий кече өткөрүлдү.                   

       Иш чара Майдан айыл аймагына караштуу Козубай атындагы орто мектебинин базасында өтүп, ага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп мугалимдери, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышышты.   Адабий кечеде катышуучулар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырып көрсөтүп, монолог айтышып, Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларына башланыштуу обондуу ырларды жандуу үн менен аткарышты.                                                       

   Иш чаранын жүрүшүн окуучулар жана мугалимдер жамааты тарабынан уюштурулган көргөзмө коштоду. Адабий кече келген коноктордун купулуна толуп, жагымдуу маанай тартуулады. Катышуучуларга уюштуруу тобу тарабынан баалуу белектер жана ардак грамоталар тапшырылды.