Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Дүйнөнү дүңгүрөттү биздин Чыңгыз

Майлуу-Суу шаарынын  Маданият үйүнүн чоң залында 2018-жылдын 11-декабрь күнү Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган “Дүйнөнү дүңгүрөттү биздин Чыңгыз”  аттуу салтанаттуу маареке өттү. Анын катышуучулары шаардын Мэриясы, ШБББү, окуу жайлар жана мектеп окуучулар, бала бакчалар, мектептен тышкаркы мекемелер болду.  Чакырылган коноктор Жалал-Абад областынын район –шаарларынын өкүлдөрү, район-шаарлардын мектеп директорлору жана мектепке чейинки, мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери.
Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерип, улуу жазуучудан бизге калган чыгармаларын, биздин байлыгыбыз деп эсептеп “Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана биз”  аттуу окуучулардын арасында кароо-сынактар, класстык-саатар, ачык сабактар өткөрүлдү. Окуучулар арасында сүрөт конкурсу жарыяланып эң мыкты сүрөт тандалып сыйлыкка ээ болду. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын, таланттуу окуучулар сахналаштырып  спектакльдарды коюшуп аткарышты. Окуучулар арасында “Чыңгыз жана мен”, “Чыңгыз биздин сыймыгыбыз”, “Чыңгыздын дуйнөсү”, “Чыңгыздын чыгармалары эмнеге үйрөтөт?” деген ж.б. темаларда дил баян жазышып, өзүлөрүнүн көз караштарын, ой-пикирлерин кеңири көрсөтө алышты.
Жогоруда айтылган салтанаттуу маарекеде Чыңгыз Айтматов атындагы №1-орто мектептин, Ю.А.Гагарин атындагы №4-инновациялык гимназия-мектебинин жана №5-жалпы билим берүүчу мектептердин окуучуларынынын күчү менен даярдалган иш-чаралар көрсөтүлүп, бала бакчалардын кызматкерлеринин аракети менен жасалган көргөзмөлөр коюлду. Эң негизгиси, бул Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дайыма биздин  жүрөгүбүздө жашай берерин, жаш муундарды анын чыгармаларынын негизинде тарбиялоону билдирди.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан алынган көрүнүштөр.



Материалды даярдаган Айдаров Абдираим