Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Директор алдындагы кеӊешменин иш планы жана иш планды аткаруу , өткөрүүнүн жолдору”

      Базар-Коргон районунда , Кенеш айыл аймагындагы , Шыдыр айылында  жайгашкан   №13 Б.Анаркулов  атындагы орто мектебинде 16- февраль күнү мектептин  директорлору катышкан  семинары болуп өттү.  Семинардын темасы : “Директор алдындагы кеӊешменин иш планы жана  иш планды   аткаруу , өткөрүүнүн жолдору ”, боюнча  директорлордун арасында талкуу жүрдү. Семинардын жүрүшүн  №4 А.Навоии атындагы орто мектебинин директору  М.Кадыров  алып барды. Базар-Коргон районундагы  65 мектеп директорлору толук катышышты.

Семинарга  билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин  төрагасы   С.Жаркымбаев  катышты .  Төрага  С.Жаркымбаев мектеп директорлорун , №13 Б.Анаркулов  атындагы орто мектебинин коллективин 23- февраль “ Мекенди коргооо күнү менен куттуктады ” ошону менен бирге  профсоюз уюмунда  болуп жаткан жанылыктарды, маалыматтарды жана профсоюз уюму тарабынан аткарылып жаткан иштер , жана “Позиция Профсоюза” деген гезитте жарыяланган  «Эмгек  китепчесин » толтуруу жана  иш жүргүзүү боюнча  маалыматтарды  берди.