Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Диний-экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча иш-чаралар

    Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептеринде 2018-жылдын 16-февралынан 3-мартына чейин Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку класстарынын класс жетекчилерине жардам катары, окуучулардын арасында диний-экстремизм жана радикализмдин алдын алуу максатында мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрү, ички иштер бөлүмүнө караштуу экстремизм жана радикализм боюнча атайын кызматтын өкүлдөрү, улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

     Түшүндүрүү иштерине мектептердин жогорку класстарынын окуучулары жана айрым учурларда алардын ата-энелери да чакырылып, өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, жоопторду алышты.

    Иш-чарага окуучулар жигердүү катышып, салттуу ислам, экстремизм, радикализм жөнүндө кеңири маалыматтарга ээ болушту.