Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Диний экстремизм, терроризм жана мамлекеттик дин саясаты боюнча адистер студенттер менен жолукту

Үстүбуздөгү жылдын 14-15-16-март күндөрү Ош гуманитардык-педагогикалыкинститутунда Мамлекеттик дин саясаты, диний экстремизм жана терроризм маселелери боюнча атайын өкүлдөр менен студенттердин жолугушуусу болду.

Жолугушуу КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана ОГПИнин атайын иш планына ылайык  окуу жайдын бардык факультеттеринде уюштурулуп, ага  КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухаммед  Эсенов жана Ош ШИИБнын экстремизмге, терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттернүү боюнча кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Нурбек Шерикбавдер катышты. Мында келген өкүлдөр жарандардын дин тутуу эркиндиги, диний укуктар коомчулуктагы терс көрүнүштөр болгон диний экстремиз, терроризм, жана Сирия өлкөсүндөгү абалдар боюнча катышуучуларга кеңири маалымат берип өтүштү.

Маалыматка ылайык келген адистер,  ар кандай диний агымдардын көбөйүп кеткендигин, айрыкча Вахабизм, Хизбут-Тахрир, Акрамия, Баптистер жана башка көптөгөн каттоодон өтпөгөн диний агымдар биздин келечегибизди кура турган жаштарды туура эмес багыттарга азгырышып, айрым жаштарыбыздын диний сабатсыздыгынан улам аларды ар кандай терс жактарга үгүттөп жатышканын маалымдашты. Ошондой эле катышуучуларга   видео-роликтин жардамында  аталган терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана жоюу боюнча кандай аракеттерди жасашыбыз керектигин ачык түшүндүрүп, бул көйгөйлөрдү токтотуу барыбыздын колубузда экенин белгилешти. Мындан тышкары студенттер тиешелүү багытта суроолор менен кайрылышып, адистерден жетиштүү жоопторду ала алышты.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу