Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Дени сак улут – дени сак мамлекет !

Мугалимдер

Мугалимдер - зирек жашап, ат багат,
Мээ коротуп, мектеп ишин аркалайт.
Мажурум тал шактарындай ийили,
Мээрим төгүп, окуучусун калкалайт.

Эч кири жок жүрөгүндө, сезимде,
Эл-жер менен жаңы бирге, дил бирге.
Эс-акылга ыйман менен жаңы ой,
Эгип келет көтөрөр деп кезинде.

Өз тагдыры бир жыйынга,
Өзгө тагдыр тынчтык бербей тыйымга.
Өмүр сүрөт мугалимдер изденип,
Өчпөс жарык чачамбы деп, кылымга.
(Жусуп Айдарбеги, Баткен шаары)

Деп жогоруда мугалимди даңктаган да мактаган ыр саптарында айтылат, бирок жыл боюу ушунчалык түйшүктүү жумуштан кийин чарчап калган мугалимдерди эс алдыруу, алардын ден соолугуна кам көрүп, келерки жаңы окуу жылына жаңы дем, кайрат-күч менен келүүсүнө тиешелүү шарттарды мүмкүнчүлүк болушунча түзүүнүн аракетин жыл сайын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитети колго алып келет.

Айтсак өргүүгө чыкканга чейин мектептердин утурумдук оңдөп түзөө мезгил аралыгында июн айында баардык билим берүү уюмдарынын жалпы эмгек жамаатарына каражат бөлүп, шаардан сыртта, жайлоолордо эс алууну, Республиканын кооз жерлерине саякаттарды уюштурууну жана Жолдомолор аркылуу дарылоочу пансионат жана санаторийлерде ден соолуктарын чыңдоону уюштуруп келет.

Үстүбүздөгү жылы Сүлүктү ШПК тарабынан 80000 сом, Баткен ОПК тарабынан 20 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Жамааттар Ош- Сулайман Тоосуна, Арсланбап, Сары-Челек, Абшыр-Ата сыяктуу Кыргызстандын керемет кооз жерлерине саякаттарды уюштуруу менен Лейлек районунун Төө – Жайлоо, Ак-Суу капчыгайларында эс алып келишти.

Кыргызстандын дагы бир бермети болгон Ыссык-Көлгө эс алуу үчүн шаардын мыкты мугалимдери тандалып жөнөтүлдү. Алардын 5 күндүк жтаканасы жана тамак-ашы үчүн ШПК тарабынан 25000 каржыланып, жол чыгымдарын өзүлөрү көтөрүштү.

Ден соолугун чыңдоо боюнча Ыссык-Көл эс алуу үйүнө 2 кызматкер үй бүлөсү менен эс алышып, Жалал-Абад санаториясына 3 жолдомо менен 6 кызматкер, Көгүлтүр Ыссык-Көл санаториясында 2 кызматкер ден соолугун чыңдашты.

Андан сырткары Ош шаарындагы Мамакеев пансионатында 2 кызматкер дарыланып, ден соолугун чыңдашып келишти.

 

Сүлүктү ШПКнын адиси  Р.Нурматова