Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

Дени сак улут – Дени сак өлкө!

Сүлүктү шаарында билим жана илим кызматкерлери арасында 2021-жылдын 25-27-мартында салтка айланган жумалык болуп өттү.

Жумалыктын алкагында билим берүү мекемелеринин кызматкерлери арасында спартакиада болуп, анда спорттун Волейбол, шахмат, стол тенниси, тогуз коргоол жана спорт стекинг түрлөрү боюнча командалар күч сынашышты.

Спартакиаданын уюштуруучусу билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитети, билим берүү бөлүмү жана шаардык жатар иштери, дене тарбия жана спорт сектору.

Жумалыктын ачылышына шаардын мэринин милдетин аткаруучу, вице-мэр М.Э.Сапаркулова  билим берүү бөлүмүнүн башысы А.Ж.Исманов жана кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров катышып билим жана илим кызматкерлерин куттуктоо менен бирге аларды спартакиаданы көңүлдүү өткөрүүгө чакырышып, ийгиликтерди каалашты.

Жеңүүчүлөргө шаардык спорт сектору тарабынан жана кесиптик бирлик комитетинин фондунан акчалай сыйлыктар жана кубок, диплом жана грамоталар даярдалды.

Спартакиада 3 күнгө созулуп, аябай кызуу жүрдү. Волейбол оюну боюнча эркектер жана аялдар командалары өзүнчө түзүлүп, калган оюндар командалык эсеп менен жыйынтыкталды.

Жеңүүчү командалар 1,2,3-даражадагы дипломдор, 4-орун ээлегендер грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Оюндарга активдүү катышып, мыкты оюн көрсөткөн жакшы оюнчуларга жана ардагер мугалимдерге да грамота жана акчалай сыйлыктар берилди.

 

Жалпы жыйынтык менен эң көп упай топтогон команда Өтмө кубокту жеңип алды.

Сыйлыктарды тапшыруу аземине билим берүү мекемелеринин жетекчилери, күйөрмандар жана оюнга катышкан командалар катышты.

Катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, абдан кызыктуу өткөндүгүн белгилешти.

 

Сүлүктү шшаардык кесиптик бирлик комитетинин пресс-кызматы