Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Ден соолукту спорт менен чындайлы”

    Билим берүү жана илим кызматкерелер профсоюзунун Борбордук комитетинин “Тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылы”  боюнча өткөрүлүүчү иш чаралардын планынын 18 пунктуна ылайык  Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу 2017-2018-окуу жылын  “Ден соолукту спорт менен чындайлы”  деген лозунгдун алдында баштады. Билим берүү кызматкерлеринин адептүүлүк жана укуктук маданиятын жогорулатуу максатында волейбол, шахмат, тогуз коргоол боюнча спорттук оюндар уюштурулду. Дене тарбия мугалимдери менен биргеликте  иштелип чыккан жобого   ылайык 27 мектептин  башталгыч уюмдарынан ар бир мекемеден спортко кызыккан мугалимдерден түзүлгөн командалар оюн курушту. Жыйынтыгында 6 волейбол командасы, 5 киши шахмат, 8 киши тогуз коргоол оюнун ойношту. Оюн олимпиадалык негизде уюштурулду. Негизинен мугалимдер волейбол оюнуна кызыгаары белгиленди.

    Мында жыйынтык иштери чыгарылбастан достук оюну катары уюштурулуп,  жазгы спартакиадага даярдануу максаты көздөлдү. Ал эми негизги максат мугалимдерди  маданий массалык  иштерге тартуу, кызматтык милдеттерин жандандыруу болуп саналды.

Билим берүү кызматкерлеринин “Ден соолукту спорт менен чындайлы”  лозунгунун алдында уюштурулган маданий массалык иш чара  өз максатына жетти.

 

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин

              профсоюзунун төрагасы                                       С.Наматов