Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Ден-соолук -2019” Лейлек районунда

2019-жылдын 27-апрель күнү Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылынын “Достук” орто мектебинде  “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү  санариптештирүү жылына ” карата жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, спортту пропагандалоо максатында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин билим берүү кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн “Ден-соолук -2019” спорттук мелдештин  райондук туру болуп өттү.

Спорттук мелдеш буга чейин бекитилген жобого ылайык спорттун волейбол, баскетбол, шахмат, стол тенниси түрлөрүнөн өткөрүлүп, райондук турга зоналдык жана регионалдык турлардын жеңүүчүлөрү катышып, жыйынтыгында борбордук региондон келген команда женүүчү болуп табылып, профсоюз уюму, калыстар тобу  тарабынан  грамота, диплом, акчалай сыйлыктар жана өтмө кубок менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева