Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Демөөрчүнүн деми менен аскердик каана уюштурулду

Жалал-Абад  областына  караштуу  Сузак  районундагы  № 10  “Көк-Арт”  гимназия  орто  билим  берүүчү  мектепте  Афган  согушуна  катышкан  Макаимов  Медербек  Эликовичтин  ысмы  ыйгарылган  аскерге  чейинки  даярдоо  каанасы  уюштурулду.  Бул  каана  Афган  согушунун  катышуучусу,  кийин  каза  болгон  Макаимов  Медербек  Эликовичтин  бир  туугандары  тарабынан  ремонттолуп,  жасалгаланып,  жабдуулар,  эмеректер  менен  жабдылып  жалпысынан  125400  сом  жумшалган.

Афган  согушунун  ардагеринин  басып  өткөн  жолу  келечек  муундарды  Ата  Журтту  сүйүүгө,  Ата  Мекенди  коргоого,  эр  жигиттерди  аскерден  качпоого,  алардын  патриоттук  сезимдерин  ойготууга,  эр  жүрөктүүлүккө  тарбиялайт.

Жаңыдан  жабдылган  аскер  каанасынын  ачылыш  аземине  Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлер  профсоюзунун  Сузак  райкомунун  төрагасы  А. Орозалиев,  райондук  билим  берүү бөлүмүнүн  кызматкерлери,  Көк-Арт  айыл Өкмөтүнүн  өкүлдөрү,  мектеп  жайгашкан  Комсомол  айылынын  тургундары  катышышты.

 

Материалды  даярдаган:

Сузак  ПРКнын  кызматкери 

Э. Аназаров