Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Демөөрчүлөр мыкты окуган окуучуларга стипендия беришүүдө

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы №10 Көк-Арт жалпы билим берүүчү гимнзаия орто мектебиндеги мыкты окуган окуучуларды колдоо максатында аларга жеке ишкер Маматов Аймухамед жыл сайын өзүнүн эсебинен стипендия берүүдө.

Быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы менен жогорудагы мектептин жыл ичинде мыкты окушкан 14 окуучусуна 500 сомдон стипендия демөөрчү  А.Маматов тарабынан ыйгарылды. Демөөрчүнүн бул колдоосу окуучулардын мындан ары да окууга болгон кызыгууларын арттырууда.

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: Киргизбаев З