Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ДЕМИЛГЕ КӨТӨРҮШКӨН ДЕМӨӨРЧҮЛӨР

 

2014-2015-окуу жылынын башталышы Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылындагы орто мектебинин окуучулары жана мектеп жааматы үчүн өзгөчө майрам болду. Себеби, бул күнү мектеп атын алып жүргөн Мамыркул Чөкүевдин урпактары демилге көтөрүп айылдын билим уясына интерактивдүү досканы белекке беришти. Бул демилгени көтөргөн демөөрчүлөрдүн бири райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Темиралиев Малик  уюштуруу иштерин жүргүзүү менен бирге өз салымын да кошту. Учурда Ак-Суу районунда үчүнчү мектеп мындай баалуу, керектүү, заман талабына ылайык технологиялык каражат менен камсыз болушту.

 Буга чейин демөөрчүлөр алдынкы окуучуларга “Мамыркул Чөкүев” атындагы стипендия берип келишсе  эми бул жолу окуучулардын сапаттуу билим алуусуна жакшы шарт түзүлүп мугалимдер, окуучулар үчүн эӊ баалуу белек болду. Азыркы убакта ар бир мугалимдин жаӊы информациялык технологияларды өздөштүрүүсү мезгилдин талабы болгондуктан мектептин мугалимдери үчүн сабак өтүүдө бир топ жеӊилдиктер болоору шексиз. Ал гана эмес мугалимдер кызыктуу маалыматтарды окуучуларга кыска убакыттын ичинде бере алышат. 2-сентябрда физика сабагынан “ Кыймыл закондорун кайталоо” деген темада 10-класстар менен интерактивдүү досканы пайдаланып алгачкы сабак өтүлсө бүгүнкү күнү бардык мугалимдер бул досканы сабакөтүүгө толук пайдаланып жатышат.

Бул мектеп чакан, тоонун түбүндө жайгашса да жаӊы технологиялык каражат менен шаардык мектептердин деӊээлиндей камсыз болушу жалпы айыл тургундарын кубандырбай койбойт. Буга чейин мектепке  Алиппе ТВ долбоору киргизилип, компютерлер менен жабдылган. Алардын жардамы менен окуучулар, мугалимдер интернетке кирип маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, скайп менен иштөөнү үйрөнүшкөн.

Жогоруда айтылып өткөндөй заманбап, жаӊы технологиялар аркылуу окуу менен окуучулар олимпиадаларда, жалпы республикалык тестте өзүлөрүнүн жакшы жана эӊ жакшы көрсөткүчтөрүн көргөзө алышат жана келечекте эл үчүн кам көргөн, патриот, билимдүү, тарбиялуу уул-кыздардан болушат деген тереӊ ишеничтебиз.

- “Балдар биздин келечегибиз” дегендей балдардын жакшы окуусуна кам көрүп, мүмкүнчүлүк түзүүгө жардам кылгандыгы үчүн Мамыркул Чөкүевдин урпактарына  мугалимдер да, окуучулар да тереӊ ыраазычылык билдирип жатышат, дейт мектептин профсоюздук уюмунун төрайымы Г.Мамытова.

                                                                            Э.Садабаев.

 Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин төрагасы.