Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Даамдуу тамак балдарга кубат

Кадамжай  районундагы  Халмион  аймагына  караштуу  “Күн  бала”  балдар  бакчасында  Ашпозчулардын  семинары  болуп  өттү. Семинарга   билим  берүү бөлүмүнүн  башчысы   Ж.Гайбуллаев,  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы   А.Момошов, билим  берүү  бөлүмүнүн  кызматкерлери  жана бардык  бала  бакчанын  ашпозчулары   катышты.                                                              

Айдаркенден  “Эделвейс”  балдар  бакчасынын  ашпозчусу  келип, бакчалар  үчүн  өтө  керектүү  болгон   тамактардын  калориялуулугу, стандартка  ылайык өлчөмдөрү  жана   витаминдештирүү  ж.б  боюнча  мыкты  кеӊештерди  берди. Семинар  жогорку  деӊгээлде  өттү.

 

Материалды даярдаган

Абдыалим Момошев