Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Д.Садырбаевдын 80-жылдыгына карата

Районубуздун бардык  тармактарында  Эгемендүү  Кыргызстаныбыздын  түптөөчүлөрүнөн, легендарлуу Парламетибиздин үч жолку депутаты, Кыргыз  Республикасынын  Баатыры, Кыргыз  Эл  артысты, кино  режисёр,  коомдук  ишмер жердешибиз Дооронбек  Садырбаевтин   80 жылдык  юбилейи  татыктуу   тосуп  алынууда.

Ноокен районунун  билим  берүү бөлүмү жана   профсоюздун  райкому тарабынан   мугалимдердин кесиптик  чыгармачылыгын  өркүндөтүү   максатында   уюштурулган  “2019-жылдын  мыкты класс  жетекчиси” райондук   кароосунун  шарттарында Д.Садырбаевтын  чыгармачылыгын  негизинде тарбиялык  иш-чараларды  өткөрүүгө өзгөчө  мааны  берилген.

Аталган  кароо-сынактын  катышуучусу  катарында өзүмдүн  классымда Д.Садырбаевтин  80  жылдыгына  карата “Өмүр өтүп  кетсе, эл  эмгектен  эскерет” темасында тарбиялык  иш-чара  2019-жылдын  апрель  айында өткөрдүм.

Иш-чара төмөнкүдөй мазмунда болуп өттү.

1.Д.Садырбаевтын өмүр  таржымалы.

2. Чыгармалары.                               

3.Коомдук  ишмердиги.

4.Замандаштарынын  эскерүүлөрү.                                        

5. Окуучуларын Д.Садырбаевке  арналган адабий- музыкалык композициясы.

6.Мугалимдин  жыйнынтыктоочу сөзү  менен аяктады.

Иш-чарага райондук  кароонун калыстары: райБББнун башкы  адиси-А.Каримова, райБББнун  адиси-Г.Андарова жана башка мүчөлөрү катышты.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен районундагы №29 Я. Мирзаходжаев  атындагы  орто  мектебинин  мугалими

Нурматова Гульназахон  Ганижановна