Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Cүлүктүдө “Жылдын Мыкты мугалими – 2021” кароо-сынагы өттү

Мугалим мөмөлүү алтын дарак,

Силерсиз билим кени кайдан жанмак?

Багыттап туура жолго келесиңер,

Бал тилдүү сөзүңүздөр жанга тарап!

Мугалим - бул эч бир кесипке теңдешсиз болгон ар кыл таланттардын ээси, мугалимдик кесиптин мыкты салттарын сактап, устаттыктын улуу жолун улантуучулар булар-мугалимдер!

Мугалим деген улуу атты – адамды чексиз сүйгөн, боорукердик менен акылмандыкты айкалыштырган, тазалык менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн инсандар алып жүрүшөт.

23-апрель күнү Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети билим берүү бөлүмү менен биргеликте “Жылдын мыкты мугалими-2021” кароо-сынагын өткөрдү.

Кароо сынактын максаты: Педагогикалык кызматкерлердин чыгармачылыгын өнүктүрүү, таланттуу, жаңы инновациялык багытта эмгектенген мугалимдерди аныктоо жана колдоо көрсөтүү менен мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү.

Сынакка жалпы билим берүү мекемелеринен 8 мугалим катышышты жана жыйынтыгында Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүүчү техникалык лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Азимова Орозгүл Ахматовна баш байгени жеңип, “Жылдын мыкты мугалими – 2021” диплом жана киржуучу машинеге ээ болду, 1-орунга И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинин башталгыч ласс мугалими, БПУ төрайымы Нарбутаева Нургүлай Джуманазаровнаээ болуп, 1-даражадагы диплом жана кир жуугуч машине менен сыйланды. 2-орунга В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинин математика мугалими Жайнакова Зарема Мажитовна жетишип, 2-даража диплом жана чаң соргуч аппараты менен сыйланды, дагы бир 2-орунга Т.Рустамов атындагы №5 орто мектебинин биология мугалими Шарипова Сарвиноз Батыржановна жетишип Электр духовкасы менен сыйланды, ал эми 3-орунду М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин башталгыч класс мугалими Жолдошева Гүлсара Рахманкуловна ээлеп 3-даражадагы диплом жана сенсордук электр печкасы менен сыйланды.

Калган катышуучуларга “Жаңычыл Реформатор мугалим”, “Кесипкөй мугалим”, жана “Таланттуу мугалим” номинациялары ыйгарылып, баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чара 2 күнгө созулуп, жыйынтыктоо аземине шаардын вице-мэри М.Сапаркулова, Маданият бөлүмүнүн башчысы У.Б.Сабурова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исманов жана Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.С.Кудаяровдор катышышты. Мугалимдерди куттуктап алардын иштерине ийгиликтерди каалашты.

Кароо сынак эң жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлгөндүгүн белгилеп, уюштуруучуларга жана кесиптик бирликтин шаардык комитетине ыраазычылыктарын билдиришти. Кароо сынакты өткөрүү үчүн каражаттар Сүлүктү шаардык профсоюз комитетинин жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн бюджеттеринен бөлүндү. 

 

Маалыматты даярдаган: Сүлүктү ШПКнын пресс-катчысы  Н.Аблакулова