Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чынгыз Айтматовдун айкели ачылды

Кыргыз элинин  атактуу, көрүнүктүү  жазуучусу  Ч. Айтматовдун  туулган  күнүнө  карата  Ысык-Ата  районунун  Ивановка  №1 Ч. Айтматов  атындагы  мектеп-гимназиясында жазуучунун  айкелин  ачуу  аземи  болуп  өттү.

            Айкелди  ачуу  аземине  Илимдер  Академиясынын  Ч.Айтматов  атындагы тил жана  адабият  институнун өкүлдөрү: филилогия  илимдеринин  докторлору: Айнура  Кадырманбетова, Мээрим  Колбаева, филология  илиминин  кандидаты Мадылбекова  Разия  Мадылбековна, айкелдин   автору  Эшмухамедов  Элмир, Ч.Айтматов клубунун   мүчөсү, скульптор  Бузурманкулов  Жолдош, айкелди  жасаган аткаруучулар: Асанов  Бакыт, Карымшаков  Темир жана  ошондой эле  Ивановка  айыл  аймагынын  башчысы  Касыров  Тилек  Касырович, ата-энелер ж.б. көптөгөн  коноктор  келишти. Айкелди  ачуу  аземин аталган  мектептин   мүдүрү  Сартбаева  Дарика  Макешовна  ачып,  мектеп  жөнүндө  кыскача  маалымат берди.

-  Коюлган  айкел  бизге  мындан дагы   көп  жоопкерчиликти жүктөйт.   Биздин  мектептин  жакшы  жетишкендиктерге   бар, ал  жетишкендиктер   менен  эле токтолуп  калбастан  мугалимдер, окуучулар  дагы  көптөгөн   ийгиликтерди  жарата бермекчи, анткени   Чынгыз  атабыз  биз  менен!-деди  өз сөзүндө.  

         Айкелди ачуу  аземи  Ивановка  айыл  аймагынын  башчысы   Касыров  Тилек  Касыровичке, филология   илиминин  доктору  Айнура  Кадырманбетовага, Ысык-Ата  райондук   билим  жана    илим   кызматкерлеринин  профсоюздук   комитетинин  төрайымы  Тыныбекова  Бактыгул  Качиевнага  тапшырылды.   Сөз  кезеги   келгенде:-  Чынгыз  Айтматов кайталангыс  инсан  экенин   баса  белгилешип  анын  чыгармачылыгына    токтолушту. 

             Илимдер  Академиясынын  Ч.Айтматов  атындагы  тил жана  адабият  институнун   өкүлү  Айнура  Кадырманбетова   сөз  сүйлөп, куттуктап, мектептин      мүдүрү  Сартбаева  Дарика  Макешовнага  жана  окуу  иштери  боюнча  мүдүрдүн  орун  басары  Белогубова  Людмила  Николаевнага    Айтматовдун ишин  элге  жайылтуудагы  жасаган  алгылыктуу иштери  үчүн  Чынгыз  Айтматов  атындагы  төш  белгисин  тапшырды.

Айкелдин  ачылышынан  сон   келген    конокторго  мектептин    чон  залында  мугалимдер  жана   окуучулар  тарабынан  уюштурулган   чон  программадагы    майрамдык  кече   тартууланды.  Кеченин  жүрүшүндө   Чынгыз   Айтматов   жөнүндө  слайддар  көрсөтүлүп, кыргыз тил жана  адабият  мугалими  Ногойбаева  Нуржан  Асанкановнанын  өз  калемине   таандык  Чынгыз  атабызга  арналган  ыр  саптары  көрүүчүлөрдүн   купулуна толду. Жазуучунун   чыгармаларынан   окуучулар  тарабынан  сахналаштырылган  үзүндүлөр коюлуп, чыгармаларынан  үзүндүлөр  окулду. Өзгөчө  “Кылым  карытар  бир күн”, “Бетме бет”, “Ак кеме” чыгармалары  окуучулар  тарабынан  бийик  деӊгээлде  аткарылып, көрүүчүлөр, келген  коноктор  ыраазы  болушту. Чынгыз   Айтматовдун  сөзүнө  жазылган  “Ысык-көл” аттуу  ыры, Сыймык  Бейшекеевдин “Махабат  дастаны “ ыры мектептин   мугалимдери  тарабынан  аткарылды. Андан   сырткары  мектептин  “Манасчылар”тобу, “Агама” бийчилер  тобу, комузчулар  тобу, 50 окуучудан  түзүлгөн “Муз   чырак” ооз  комузчулар  тобу майрамдык кечени   шанга  бөлөштү.

   Кеченин  сонунда  келген   коноктор  сөз  сүйлөп, майрамдык   иш  чара  бийик  денгээлде өткөнүн, окуучулар  чыгармаларды  чеберчилик  менен  аткаргандарын баса  белгилешип, мектептин  эмгек  жамаатына, мектеп  жетечилигине  жана  окуучуларга  ыраазычылыктарын  билдиришип, ийгиликтерди  каалашты.

 Майрамдык  кечеден  соӊ коноктор  мектептеги  Чынгыз  Айтматов  атындагы кабинетке  барышып, класстын  жасалгасы  менен  таанышышып, эстеликке  сүрөткө  түшүштү.

Бул иш  чаранын  алкагында   окуучулар  тарабынан  Чынгыз  Айтматовдун чыгармаларына  сурөттөр  тартылып, рефераттар  жазылып, атайын  көргөзмөлөр  уюштурулду.

Биздин  мектеп  Чынгыз  атабыздын   атын  алып  жүргөнүбүзгө   сыймыктануу  менен,  мындан  ары  да чыгармаларын  окуп  элге  жайылта  бермекчибиз.

 

Дайардаган:

Чынгыз  Айтматов  атындагы Ивановка № 1

мектеп-гимназиясынын тарбиялык иштер

боюнча мүдүрдүн орун басары А. Жумаева