Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Чынгыз – кербен” аттуу иш чара болуп өттү

2018-жылдын   13-декабрь  күнү    Кадамжай   районуна  караштуу Үч-Коргон айыл   аймагындагы  “Айни”  орто   мектебинде    “Чыӊгыз-кербен”  аттуу   иш   чара   болуп   өттү. Үч-Коргон  зонасында  эн  чоӊ   Ч.Айтматовдун  90-жылдыгына  карата  иш   чара  өткөрүлдү. Эӊ   биринчи  “Чыӊгыз-кербен” – парады аябай   жакшы,  бардык   балдар  ушунчалык   берилүү  менен  аткарышып  жатты. Окуучулар    тегерек   боз   үй түрүндө  тизилип  турушту   жана   КРнын     мамлекеттик  туусун    көтөрүп,  мугалимдер   жамааты баштаган  “Чыӊгыз-кербен”  парадынан  өтүштү. Иш чарага   Илим  жана   билим   кызматкерлеринин   профсоюзунун   Кадамжай   райондук   комитетинин   төрагасы   А.Ю.Момошов, РайБББнон Т.Жанузакова, А.Кожонова  жана   мугалимдер   жамааты  катышты.  Мектеп   директору   Каримжан   Абдуразаковага   жана мугалимдерге,  активдүү катышкан   окуучуларга   ыраазычылык   билдиришти.   Иш   чара   жогорку   деӊгээлде  өттү.

Материалды даярдаган Абдыалим Момошев