Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чынгыз Айтматовдун ааламы-балалыктын койнунда

      Чүй облусунун  Кемин районуна караштуу  Шабдан-Ата  атындагы орто мектебинде  26-апрелинде 2018-жылы мамлекеттик тил боюнча тажрыйба алмашуу жана Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине  карата   "Чынгыз  Айтматовдун ааламы -балалыктын койнунда "аттуу иш- чара болуп өттү. Иш чарага Кемин районунун билим берүү мекемелеринде иштеген кыргыз тили жана адабият мугалимдери, Кемин райондук билим кызматкерлер кесип бирлигинин төрайымы Чылабаева Айсалкын Талиповна Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси. Мурзалиева Асылкүл Кубанычбековна  катышты. Иш чаранын жүрүшүндө Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча  ачык сабактар  учур талабына ылайык техникалы каражаттарды жана интерактивдүү  методдорду пайдалануу менен келген коноктордун конулун бурду. Анда таланттуу окуучулардын аткаруучулук чеберчилиги менен  Ч.Айматовдун чыгармаларынын сахналаштырып көрсөтүштү. Иш чаранын катышуучулары  иш чаранын жүрүшүндө  Шабдан Ата орто мектебинин жалпы  эмгек жамааты мыкты даярдыктарды көргөндүгүнө  ыраазычылык билдиришти.