Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү!!!

Аттиң, тирүү жүрсө эмне! Бүгүн, Кыргыздын Чыңгызы - 90 жашта! Дүйнө кезип, кыргызды даңазалап, ааламды чарк айланган Айтматов-90 жашта! Мына, жыл бою Ч.Айтматовду өмүр жолу, адам боло алган адамдык сапаты, чыгармалары, алар боюнча жаратылган кино –тасмалар, тартылган сүрөттөр, сахналаштырылган көүнүштөр, илимий - практикалык конференциялар, обондуу ырлар жана башка  түрдүү иш чарадар аркылуу эскерип келе жатабыз... Бирок биздин Айтматов –түгөнгүс кенч! Учугу улана бермекчи. Канчалык  айткан сайын аша берүүчү улуттук дөөлөтүбүз! Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында күн сайын ар түрдүү иш чааралар байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Кечээ ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде  баштапкы профсоюз уюму жана колледждин администрациясынын биргелешкен уюштуруусу менен студенттердин бөлүмдөр аралык кароо - сынагы болду. Ага алты бөлмдүн студенттери эки топко бөлүнүп  катышышып, жогорку деңгээлде  өтүп,  жеңүүчүлөр аныкталып, уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланышты.

Ааламды чарк айланган Айтматов – кылымдрга жашай берсин! 

                                                   

                                                                                                            Даярдаган: Н.Баитова 12.12.2018-ж.