Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чыңгыз Айтматов - ааламдын акылман сүрөткери

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы учурда өлкөбүздүн булуң-бурчунда өтүп жаткан учуру. 12-сентябрдан 12-декабрга чейин «Эне тил жана Айтматов» үч айлыгы  жарыяланып,  анын алкагында биздин райондо алгылыктуу иштер жасалды. Райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен жергиликтү өз алдынча башкаруу органдары, райондук түзүлүштөр, билим берүү мекемелеринин катышуусунда «Эне тил жана Айтматов» үч айлыгынын иш-чараларынын чегинде кароо-сынак жарыяланып, калыстар тобунун тандоосу менен мыктылары тандалган.  

Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө залкар жазуучунун 90 жылдыгы жана «Манас» эпосунун күнү бир күнгө туш келип, райондук жогорку деңгээлде белгиленди.   Иш чара «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен ачылды. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калмырза Кожомкулов иш чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзүн жолдоп, элибиздин эки канаты болгон «Манас» эпосу менен  улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун баскан жолу, ээлеген ордун белгилеп өттү.  Манас бабабыздын улуу, ыйык руху колдоп, “тар жол, тайгак кечүүлөрдөн” сактап, кыргыз журту сабырдуу, ынтымактуу, биримдиктүү болуп, кыйынчылык, тоскоолдуктарды жеңип келгенине, Айтматов ааламын айтып бүтүү чексиз экендигин, анын алакандай кыргыз элинен ааламды багынткан улуу адамдар чыга ала тургандыгын даңазалап кеткендигине токтолду. “Улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесин татыктуу белгилеп ар бир адамдын, келечек муундарыбыздын жүрөгүнө улуттук уңгуну улаган улуу жазуучунун чыгармаларын сиңирүүгө, анын атын өчпөс кылып сактоого милдеттүүбүз. “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгынын алкагында  райондун бардык аймактарында  өткөрүлгөн иш-чара, кароо-сынактар дагы бир жолу Айтматовдун улуу чыгармаларына жан киргизди. Жазуучунун калеминен жаралган чыгарманын каармандары жанданды, көз алдыбызга тартылды.  Кыргыз эли жашап турганда Айтматов да жашай бере тургандыгына дагы бир жолу ынандык” деди ал. Иш-чарада айыл өкмөтүнүн ,райондук түзүлүштөрдүн, мектеп мугалимдеринин таланты ачылып, Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү ийинине жеткире аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентие караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын  өкүлдөрү келип куттуктоо сөзүн жолдошуп, татыктууларга төш белги жана Ардак грамоталарды тапшырышты. Ошондой эле Айтматов дүйнөсүн ачып берген кызматкерлер жана окуучулар Айтматов фондунун ыраазычылык баракчасы, райондук мамлекетик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

 

Даярдаган: Б.Тыныбекова