Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жакында билим берүү кызматкерлеринии Ысык-Көл райондук профсоюз комитетинин семинары болуп өттү.

 

Натыйжалуу семинар

 Семинар Чолпон-Ата шаарындагы А. Осмонов атындагы орто мектебине уюштурулуп, төмөндөгү маселелер каралды:

1. Ысык-Көл райондук  про­фсоюз комитетинин 2012-2013-окуу жылындагы аткарган иштери жөнүндө отчету.

  1. 2013-2014-окуу жылындагы  кабыл алынган кароо-сынактардын жүрүшү  менен тааныштыруу.

3.Баштапкы профсоюз уюмуна тиешелүү иш кагаздары менен тааныштыруу (Чоӊ-Сары-Ой, Осмонов атындагы орто мектептеринии баштапкы профсоюз уюмдарынын иш кагаздарынын, тажрыйбаларынын негизинде).

4. Мугалимдердин айлык дем берүүчү акыларынын төлөнүп берилиши жөнүндө.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Ысык-Көл райондук профсоюз комите- тинин төрагасы Э. Шаршалиев отчет берди.

Райондун билим берүү тармагында профсоюздук уюмдарынын ишмердүүлүктөрүн жандандырууда, жакшыртууда бир катар аракеттер көрүлүүдө. Жыл ичинде райоидогу мектептердин баш­тапкы профсоюздук уюмдары­нын жетекчилери менен ийри олтуруп, түз кеӊешип дегендей, иштерди тактап уюштуруучулук жана аткаруучулук чараларды белгилешкен. Профсоюздук уюмдар өздөрүнүн алдына коюлган милдеттерди ырааттуу жүзөгө ашыруу үчүн бардык жакшы демилгелерин жана аракеттерин көрүп жатышат. Мындан тышкары райондун бардык мектептеринде мугалимдердин иштөөсүнө шарт түзүү, мектептердин саиитардык абалы, жашылдандыруу-көрктөндүрүү, физкульту­ра- спорт иштерин жандандыруу  маселелерин жеринде чечүүгө активдүү катышышып, демилге көрсөтүп жатышат. Айыл өкмөттөрү менен 3 тараптуу эмгек келишимдери түзүлүп, аны турмушка ашы- рууда кыйла иштер аткарылды. Райондук профсоюз комитети баштапкы профсоюз уюмдары менен биргеликте  эмгекти коргоо, жаш мугалимдерге шарт түзүү маселелерине дайыма көзөмөл жүргүзүп, эмгек мыйзамдарын так аткарылышына жетишип жатышат.

Мектептерде «Мыкты кесиптик уюм-2014»  профсоюздук кароо-сынактары уюштурулуп, ал үч этап менен өткөрүлүп келе жатат.. Ушундай эле сынак болуп эсептелген «Мыкты мектеп» сынагын профсоюздук уюмдардын  уюштуруусу, колдоого алуусу менен өткөрүлүп келе жатат. Бул сынактын негизги милдеттери болуп     мектептин тышкы көрүнүшү, санитардык абалы, эстетикалык жактан жабдылышы, класстарда мебелдердин жана окуу куралдардын сакталышы, тех. каражаттар менен жабды­лышы, мугалимдердин иштөөсүиө шарт түзүү жана эс алуу- суна көӊүл буруу, инвестиция, грант, фонддор менен иштөөсү эске алынат.  Ошондой эле мектептердеги ремонт, жаӊы окуу жылына даярдык, кыш мезгилине кам көрүүсү да унутта калтырылбайт. Мына ушул шарттардын, бардыгын аткарган мектептер гана кароо-сынактын жеӊүүчүсү деп табылып райондук профсоюз комитетинин баалуу сыйлыктарына татыктуу болот жана кароо-сыиактын жеӊүүчүсү деп табылат.

Райондук профсоюз комитети тарабынан уюштурулган бул семинардын аягында с бир катар суроолор берилип тиешелүү жооптор айтылды. Семинардын жыйынтыгында өз ара тажрыйба алмашуулар да болуп, профсоюздун айрым мүчөлөрү өз пикирлерин ортого салышты.

 

Э.Шаршалиев, Ысык-Көл райондук профсоюз комитетинин төрагасы.