Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чечме-Сай орто мектебинин спорт залынын ачылуу аземи

 

Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагындагы Чечме-Сай орто мектебинин спорт залынын ачылуу аземи болду. Аземге Райондун акими Б. Айтиев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Маматалиев, райондук профсоюз комитетинин  төрайымы С. Шанабаева, жергиликтүү кеӊештин депутаттары, айыл аксакалдары катышты. Ачылуу аземи учурунда аким Б. Атиев: Биз окуган мезгилде Кара-Таш айыл амагында бир да спорт зал жок, биз суукта болобу, ысыкта болобу эшикте ойночубуз, жакшы ойночубуз, бирок борбордогу спорт залга барганда мелдештерден утулуп калчубуз. Ошондуктан ден соолукту чындоодо спорт залдын ролу өтө чоӊ экендигин билдирди. Бул спорт залдын курулуусу ЖКнын вице - спикердин такай көзөмөлүндө болгондугу, анын жалпы эле Ноокат районундагы курулуштарга кошуп жаткан салымы зор экендигин билдирди. Ошондой сөз сүйлөгөн М. Маматалиев келечекте окуучулардын зор үмүт кылаарын, бардык шарт бала үчүн, алардын ар тараптуу билим алуусу үчүн түзүлүп жаткандыгына токтолду. Салтанат окуучулар тарабынан даярдалган спорттук жүрүш жана спорттук акробатиканын түрлөрү боюнча көрсөтүүлөр болду. Соӊунда спорт залдын курулуусуна салым кошкон жарандарга грамота жанан сыйлыктар тапшырылды. 
Маалымат үчүн айта кетсек, мектептин жаӊы имараты 2012-жылы августунда пайдаланууга берилген. Мектептин жалпы комплекстик сметалык баасы 66млн сомду түзөт. Мектептин жаӊы имаратын курууга жана проекттерди ишке ашырууда ошол учурдагы мектеп директору Зарипа Мамытованын ролу чоӊ экендиги дагы айтылды.

 

Ноокат райондук мамлекеттик

администрациясынын басма-сөз катчысы:                Мамасадыков З. А