Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткалда райондук семинар өткөрүлдү

2019-жылдын   30-апрелинде    билим берүү жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Чаткал  райондук комитети тарабынан КР. Президентинин 2019-жыл-"Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына" карата кабыл алынган иш чаралардын алкагында райондогу мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары жана мугалимдердин  кесиптик бирликтеринин башчылары катышкан жыйын өттү.

Жыйында билим берүү кызматкерлеринин райондук кесиптик бирлигинин башчысы Ызан Кожонович Кудайбердиев мугалимдерди эмгек өргүүсү учурунда жумушка чакыруунун тартиби, убактылуу кабыл алынган мугалимдерге эмгек акы төлөөнүн тартиби, декреттик өргүүгө чыгуу тартиби, айрым кызматкерлерге жумуштун  зыяндуулугуна кошумча төлөмдөр, эмгек китепчелерди туура, так жана өз убагында толтуруу,  кызматкерлерди жумушка алаарда КР. "Эмгек кодексин" пайдалануу менен эки тараптуу келишим түзүү, мектептердеги саат бөлүштүрүүнүн тартиби, тартип жазаларды колдонуунун тартиби, эмгекке жарамсыздык баракчасынын мыйзамдуулугу, айлык акылардын туура эсептелиши, сыяктуу маселелер боюнча кеңири айтылып, катышуучулар ортосунда суроо-жооп иретинде пикир алышуу жана кеңири талкуу болду.

Буга кошумча окуучулардын жолдо жүрүү эрежелери, мектептердеги техникалык коопсуздук эрежелердин туура сакталышы, мектептерде авариялык кооптуу абал учурундагы чукул аракеттер, өрт коопсуздугунун эрежелерин туура жана так сактоо сыяктуу маселелер да айтылып, слайд шоу аркылуу түшүндүрүлдү.

Жыйын жүрүшүндө райБББнын башкы адиси Айнура Нарбекова мектептердеги иш кагаздарынын туура, так жана мыйзам чегинде толтурулушу боюнча айтып берди.

 

Материалды  даярдаган:

Чаткал  райкомунун  төрагасы

Ы. Кудайбердиев