Чаткалда “Мыкты мугалим” сынагы болуп өттү
2023-жылдын 13-14-апрель күндөрү Чаткал районунун В.И.Ленин атындагы жатак мектебинде “Мыкты мугалим-2023” кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү. Аталган сынакка 19 мектептин ичинен 19 мугалим катышып, бир мугалим баш байге, ал эми 3 мугалим 1-3 орундарга ээ болушту.
Сынактын жыйынтыгы менен баш байгени Сумсар орто мектебинин география мугалими Аскаров Хамиджан;
I орунду С.Байдоолотов атындагы орто мектебинин орус тили мугалими Куниева Чынара Анарбаевна;
II орунду А.Баймырзаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Сатыбалдыева Анара Наралиевна;
III орунду М.Исмаилов атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Орозалиева Гулмира Рысбековна камсыз кылышып, жеңүүчүлөргө Чаткал райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан Ардак Грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Чаткал райондук комитети