Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Үч тараптуу макулдашуу өз жемишин берди

             23.11.2017-жыл Ноокен районуна караштуу № 4 «Алтын-Бешик» балдар бакчасында кошумча тайпалардын ачылыш аземи болуп өттү.                                    Ачылыш аземге  Швейцария Өкмөтүнүн Кыргызстандагы элчиси Вероника Хулманн Марти айым,   ХЕЛЬВЕТАС  Свисс Интеркооперешн Ассоциациясынын  Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору Анна Де Биер айым, Өнүктүрүү саясат институтунун жетекчиси Добрецова Надежда Николаевна, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жетекчиси Асел Мамбетова,  ХЕЛЬВЕТАС  уюмунун кенешчиси Лидия Будиса айым,  ХЕЛЬВЕТАС  уюмунун грант менеджери Кенеш Эргешов, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдыев Кыянбек Урмаматович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонова Айнура Шермаматовна,  Ноокен райондук администрациясынын башчысы Маматаев Эркинбек Садирбекович, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Козуев Бакыт Садыкович, Билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ноокен  райондук  комитетинин  төрагасы Нышанов Кубанычбек Калдарович, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Эшенкулов Жаныбек Эшенкулович  жана башка айыл өкмөт башчылары, мекеме - иш каналардын жетекчилери  катышышты. 170 балага ылайыкташтырылган   6 тайпа ачылып,  16 кызматкер  иш менен камсыз болду.   

               Швейцария  өкмөтү  тарабынан каржыланган  жана  ХЕЛЬВЕТАС  Свисс Интеркооперешн Ассоциациясынын  Филиалы  менен Өнүктүрүү саясат институту Консорциумда аткарылган «Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору.

Маалыматты даярдаган  Ноокен рай. КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров