Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ч.Айтматовдун туулган күнү Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүнө караштуу мекемелерде белгиленди

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун туулган күнү 2018-жылдын 12-декабрь күнү Лейлек районунун бардык билим берүү мекемелеринде белгиленип, ар бир мекеме биринен бири өзгөчөлөнтүп иш чараларды даярдап, өткөрдү.

Алсак, Исфана шаар башкармалыгына караштуу А.Навои атындагы орто мектебинде жазуучунун чыгармаларынын каармандары окуучуларды, мугалимдерди жаркын маанай менен тосуп алып жатышты. Ал эми,  Тогуз булак айыл аймагына караштуу  “Кара Булак” орто мектебинде “Чынгыздын аты жылдызда” деген аталыштагы жыйынтыктоочу чон майрам болуп өттү. Ошондой эле, мектептин мугалими Ганыева Ижабаттын демилгеси менен даярдалган  “Мектеп мыктылары” деген ат менен  90 ысымды камтыган журналдын бет ачары болду. Ушул эле мектепте “Айтматов ааламынын кичинекей макети” сынагы өткөрүлүп, ар бир класс өзүнүн жогорку активдүүлүгүн көрсөтө алды. Сумбула айыл аймагына караштуу Б.Саттаркулов орто мектебинде “Аалам алпы - Айтматов” аттуу мектептин усулдук бирикмелеринин арасында конкурс болуп өттү. Мектептерде гана эмес бала бакчаларда да белгиленип, Тогуз-Булак айыл аймагындагы “Акжолтой ” бала бакчасында “Айтматовдун чыгармалары биз менен” аттуу чакан иш чара өткөрүлдү. Тарбиялануучулар жазуучунун чыгармаларынын үзүндүлөрүнөн чакан сценкаларды аткарышты. Ушундай эле иш чара Исфана шаар башкармалыгына караштуу “Ынтымак”, “Барчын” бала бакчаларында өткөрүлүп, тарбиялануучулар өз таланттарын көрсөтө алышты.

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева