Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ч.Айтматов тирүү болгондо 90 жашка чыкмак

2018-жылдын   12-декабрында    Кадамжай   районуна   караштуу   билим   берүү   мекемелеринин   окуучуларынын   арасында   Ч.Айтматовдун   90   жылдыгына   карата   райондук   деӊгээлде   чоӊ   иш   чара   болуп  өттү.  Иш  чарага   Аким   Ж.Маматович, РБББнон М.Ганыбаев,  профсоюз   комитетинин   төрагасы А.Момошов,  мектеп   жетекчилери    жана   окуучулардын   катышуусунда өттү.  Мугалимдер   жана   окуучулар   арасында  атайын   уюштурулган   Айтматовдун  “Бетме бет”, “Ак кеме”, “Кызыл  алма”  аттуу  чыгармаларынан  үзүндү   аткарып   беришти.  Иш   чаранын   жыйынтыгында  Аким   Ж.Маматович,    РБББнүн   усулкана  башчысы,   Илим   жана   Билим   кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай   райондук   комитетинин   төрагасы   А.Момошов  Ч.Айтматовдун   90 жылдыгына   карата   өткөрүлгөн   иш   чаранын   катышуучуларын   куттуктап,  иш   чара   жогорку   деӊгээлде   өткөндүгүн   белгилеп   өтүштү.  Мыкты   катышкан   окуучуларга,  мугалимдерге   райкомпрофсоюз   тарабынан   “Ардак   грамота”   тапшырылды.

Дүйнө   тааныган   Айтматов -  эч   качан   унутулбайт.

 

                                                               Даярдаган уюштуруучу   адис: 

Ф.И.Ажиева