Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ч.Айтматов башталгыч класстарда

Жалал-Абад  облусунун Ноокен районундагы алыскы №21 Фуркат  атындагы орто  мектебинде өзбек тилинде окуу  жүргүзүлгөн  мектептердин  башталгыч  класстарынын мугалимдеринин  райондук  семинары  залкар  жазуучубуз Ч.Айтматовтун  90 жашка  толгон  күнундө  болуп  өттү.

Семинарда “Чынгыз  кыргыздын жылдызы” темасында ачык сабактар жана тарбиялык  иш-чаралар өткөрүлдү. Өзбек тилинде окуп жаткан  окуучулардын  даярдыктары,  алардын Ч.Айтматовтун  чыгармаларынан аткарган  сахна  көрүнүштөрү семинардын  катышуучуларында жакшы таасир калтырды. Бул райондук  усулдук  иш-чарада райметодкабинеттин  усулчусу Р.Орозалива жана башталгыч  класстардын  мугалимдери катышты.

Катышуучулар  семинардын  уюштуруучуларына  ыраазычылыктарын билдиришти.

Материалды даярдаган: №21 Фуркат  орто  мектебинин профкому Б.Мирзахмедова