Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Үч тараптуу макулдашуудагы милдеттенмелер аткарылууда

       Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы №44 Фуркат атындагы орто мектебинин 704 орундуу жаңы имаратынын курулушу                    1985-жылы башталган, 2006-жылдан бери создурулуп келген.

         Учурда үч тараптуу макулдашуу боюнча Сузак райондук мамлекеттик администрациясы билим берүү уюмдарында эмгектенүү шарттарын жакшыртуу үчүн чараларды көрүүдө, башкача айтканда курулуштары токтоп турган мектептер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маселелер коюлууда. Натыйжада жогорудагы №44 Фуркат атындагы орто мектебинин 704 орундуу жаңы имаратынын курулушун жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 67 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө бул мектептин токтоп турган курулушу улантылууда.