Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Үч тараптуу келишимдин негизинде бир топ иштер аткарылды

2017-2018-окуу жылында Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл өкмөтүндөгү Э. Арапов атындагы  башталгыч мектебине Республикалык Бюджеттин Стим грандынан  2 087 000 сом акча каражаты бөлүнүп, Шайдан айыл өкмөтү тарабынан 105 000 сом, мектептин демөөрчүсү Эркулов Канжар тарабынан 227 936 сом депозит төлөнүп берилди. Мектепте төмөндөгү курулуштар жасалды.

  1. Мектептин айланасы темир тосмо менен толук тосулду.
  2. Мектептин алды тегизделип, цемент басылды.
  3. Балдар дем алуусу үчүн эки беседка курулду.

Андан  сырткары  Шайдан  айыл өкмөтү тарабынан 487 959 сом акча каражаты каралып, мектепке  ажаткана  курулуп  бүтүрүлдү.

Материалды даярдаган

 Э. Арапов атындагы башталгыч мектебинин профкому А. Маматова