Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бүтүрүүчүлөргө аттестаттарды салтанаттуу тапшыруу иш чарасы өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2-май 2018-жылдагы №533/1 буйругунун негизде жалпы билим берүүчү орто мектептеринде жалпы билим жөнүндө аттестаттарды тапшыруу иш-чарасы Тогуз-Торо районунда 23-июнь 2018-жылы №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде өткөрүлдү.

 Салтанаттуу иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кожошов Айбек Карыбекович, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Султангазиева Гүлжамал Абалиевна, райондук билим берүү бөүмүнүн башчысы Иманбердиев Болотбек Сапарбекович, райкомдун төрагасы Ажыбаев Залкарбек жана бүтүрүүчүлөр менен ата-энелердин  кытышуусунда өткөрүлдү. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кожошов Айбек Карыбекович бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдерди жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө кең келечек каалады.

2017-2018-окуу жылында “Атын тамга” ээ болгон №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Улукбеков Адилетке жана жалпы республикалык тестке катышып 150-210 упай алган 25 бүтүрүүчү окуучулардын ата-энелерине райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Ошондой эле окуучуларга билим берген предметтик мугалимдерге да ыраазычылык баракчалары жана сыйлыктар менен сыйланышты. Жыйынтыгында бутуруучулорго жалпы билим жөнүндө аттестаттар берилди. Иш-чарага катышкан ата-энелер билим берген мугалимдерге терен ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.