Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бүткүл эл аралык 8 - март айымдар майрамы

Сен жок болсоӊ кыска менин кулачым,

Аял заты сөздүн айтсам ырасын.

Бир мээримди күндөн алса адамзат,

Экинчисин өзүӊ төгүп турасыӊ.

 

2019-жыл 6- март күнү бүткүл эл аралык 8-март айымдар майрамына карата Токтогул районунун Билим берүү жана илим кызматкерлеринин мекемесинин айымдар жааматына, мааракенин ээлери, ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту болгон аял затына Токтогул районунун профсоюз комитетинин демилгеси менен кичи отуруш уюштурулуп берилди. Бул кечени Токтогул профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов, Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова биргеликте ачык деп жарыялап куттуктоо сөздөрүн айтып өтүштү. Майрамдын ээлери болгон айымдарга Профсоюз тарабынан каралган акча-каражатка атайын арналган белектер ыйгарылып ар түрдүү интермедия, оюн-зоок, ыр-кеселер менен өткөрүлүп берилди. Токтогул Профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов агайга, Билим берүү жана илим мекемесинин мырзаларына, кеченин ээлери болгон айымдар жааматы ыраазычылык билдиришти!

 

Материалды даярдаган:

Исраилов Токтомуш