Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бүткүл дуйнөлүк китеп күнү белгиленди

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү катары белгиленип келүүдө.

Ноокен районуна караштуу № 14 Губкин атындагы орто мектебинде  23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Окурман бала - гүлдөгөн Кыргызстан” аттуу темада иш чара өткөрүлдү.

Иш чара мектептин китепканачысы Т. У. Шатманова, директордун тарбия иштери боюнча орун басары М. У. Тургуновалар тарабынан уюштурулуп жогорку денгээлде өткөрүлдү.

Окуучулар китептин келип чыгуу тарыхы жөнүндө маалымат алышты жана Ч. Айтматовдун чыгармаларынан жана жомоктордон үзүндүлөрдү аткарышты. Иш чара концерттик программа менен коштолду.

Жыйынтыгында активдүүкатышкан окуучулар грамота жана түрдүү кызыктуу китептер менен сыйланышты.

Материалды даярдаган:

№ 14 Губкин атындагы орто мектебинин

 профкому А. Төрөканова