Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү


Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун 2021-жылдын 2-апрелиндеги №22 катынын негизинде Ноокен райкомунда жана 92 баштапкы кесиптик уюмдарында 28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата атайын иш-чаралар түзүлүп, жумалык жарыяланган.

Анын негизинде бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Атап айтсак, №28 “Алтын уя” балдар бакчасында “Менин эмгектик укуктарым кандай корголот?”, №42 “Нур-Айым” балдар бакчасында “Эмне үчүн өз эмгек укугунду билүү зарыл?” темасында тегерек стол, №34 Жазгак орто мектебинде, Ниязов көмөкчү жатак мектебинде, №30 “Бөбөк”, № 15 “Жомок”, №18 “Чабалекей”, №14 “Нооруз” балдар бакчаларында спорттук оюндар, №29 Иса агай балдар бакчасында, №6 Арал, №36 Мамаев, С.Ногоева атындагы №2 орто мектептеринде Ноокен району боюнча ӨКБнүн ЖК бөлүмчөсүнүн башчысы капитан Т.Жоробаев менен биргеликти өзгөчө кырдаал учурундагы иш аракеттер боюнча окуулар уюштурулду.

Ошондой эле эмгек китепчелеринин туура толтурулушу, коопсуздук журналдарынын, инструктаж китепчелеринин жүргүзүлүшү боюнча мониторинг жүргүзүлдү.

Андан сырткары Ж.Татыкулов атындагы №31 орто мектебинин базасында райондук денгээлде жарандык коргонуу боюнча иш-чара өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров