Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү белгиленди

28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата обкомдун 10.04.2019 № 28 катынын негизинде Ноокен районунун билим берүү мекемелеринде атайын иш-чаралар түзүлүп, жогорку денгээлде белгиленди. 

Анда ар бир баштапкы кесиптик уюмдарда чогулуштар, тегерек столдор уюштурулуп, кызматкерлер 28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү жөнүндөгү  материалдар менен кененирээк таанышышты.  

Андан сырткары спорттук оюндар, флешмобдор жогорку денгээлде уюштурулду. Баштапкы кесиптик уюмдардын төрага, төрайымдары ардактуу эс алууда отурган мугалимдердин үйүнө барып кабар алышты жана  профсоюз тарабынан атайын белектер менен сыйлашты.

 

Ноокен райКБК нын инспектору

Т.Бакиров