Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Брейн-ринг» интеллектуалдык оюну Лейлек районунда

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Лейлек районунун  Исфана шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин базасында 2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылында өткөрүлүүчү баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын арасында өткөрүлүүчү “Брейн-ринг” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

Оюндун максаты брейн-ринг оюнунун баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагаларынын укуктук билимдерин, компитенттүүлүгүн арттыруу болуп саналат.

Милдеттери:

  1. кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын лидерлик сапаттарын көтөрүү
  2. кесиптик бирлик уюмуна мотивация берүү
  3. кесиптик бирлик уюмдарынын ишин активдештирүү

Оюн областтык профсоюз комитети тарабынан бекитилген жобого ылайык, билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынан куралган, курамы 4 кишиден турган “Биримдик”, “Алга”, “Ынтымак” командаларынын ортосунда мелдеш катары өткөрүлүп, катышуучуларга КРнын “Билим берүү жөнүндөгү”, “Мугалимдин статусу”, “Эмгек Кодекси”, “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мызамдары, КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Уставы, баштапкы кесиптик уюмдары жөнүндө типтүү жобонун негизинде 30 суроо берилип, жыйынтыгында “Биримдик” командасы алдыга чыгып, областтык турга жолдомо алды.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева