Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БПУ төрайымдарынын билимдери текшерилди

2021-жылдын 10-февралында  Баткен областтык комитети тарабынан уюштурулган БПУ төрайымдары үчүн онлайн-тест болуп, ага Сүлүктү шаарындагы билим берүү мекемелеринин 13 БПУ төрайымдары катышты.

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдары Сүлүктү шаарынын М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин усулкаанасына чогулуп, мобилдик телефондор аркылуу  интернеттин вай-фай түйүнү менен камсыздап берилди. Баткен ОПК тарабынан атайын шилтеме аркылуу тестке кошулду.

Саат 11:00 дө тест башталып тест жалпы 40 мүнөт убакытка созулду. 40 суроого БПУ төрайымдары жооп беришип, өздөрүнүн билимдерин текшеришти. Жыйынтыгында төмөнүдөй натыйжага ээ болушту:

4 БПУ төрайымы босого баллдан жогору баллдарга ээ болушту.