Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БПКнын сыйлыктарын тапшыруу

ОшМУнун  бириккен  профсоюз  комитетинин  төрагасы А.Сатаров  БПК  тарабынан   «Аймактарды  өнүктүрүү, өлкөнү  санариптештирүү   жана  балдарды  колдоо» жылына карата  уюштурулган  онлайн  фестивалына  катышып,  иш чаранын максаттарына   ылайык   материалдарды  даярдап,  пандемия  шартында  жүргүзгөн  активдүү  иштерин  чагылдырып,  фестивалдын  уюштуруу  комитетинин  кароосуна  жөнөткөн. Уюштуруу  комитетинин  сунушу менен  БПКнын  кезектеги  Президиуму  ОшМУнун  бириккен  профсоюз  комитетинин  пандемия   шартында   аткарган  иштерин алгылыктуу  деп баалап, Диплом   жана  баалуу  белек  менен сыйлаган. Ал сыйлыктарды  БПКнын  төрагасынын  орун басары   Ош  областтык  кесиптик  бирлик  комитетинин  төрагасы  С.Тойгонбаев тапшырды.