Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин төрагасы өнөктөштү куттуктады

Кыргыз  Республикасынын  билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун   Борбордук  Комитетинин  төрагасы  Асылбек  Токтогулович  2020-жылдын  22-декабрында  иш   сапары  менен   Сузак  районунда болду. Сузак  районунда билим  берүү  кызматкерлеринин социалдык-экономикалык  маселелерин  чечелиши менен  таанышуу  жана  өнөктөштөр  менен  биргеликтеги  милдеттерди белгилоо  максатында  Сузак  райондук  мамлекеттик   администрациясынын  башчысы -аким Туркбаев Төрөгелди  Калыбекович менен  жолугушту. Жолугушууга Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы  Исмаилов  Абдукахар  Арапович, Сузак  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы Усенов Тынычбек  Жумабекович, Сузак  райкомунун төрагасы  Орозалиев  Абдумажит  Жумабаевичтар   катышты.  Жолугушууда  Асылбек Токтогулович  райондун  акимин  жаңы  кызмат  орду  менен  куттуктап, иштеринде  ийгиликтер,  бекем  ден-соолук, жакшы  тилектерди  каалады. Аким Сузак  районунун  билим  берүү  кызматкерлерине  кылынып  жаткан  камкордуктар,   алдындагы тармакты өнүктүрүү  пландары  жөнүндө   айтып  берди.

 

 

Материалды  даярдаган: Обкомдун  инспектору   А.Айдаров.