Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов - тоолуу Чаткалда

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райондук VIII конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга 44 делегат шайланып, анын ичинен 41 делегат катышты. Райондук комитеттин 2014-2018-жылдарда негизги ишмердүүлук боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетту анын төрагасы Кудайбердиев Ызан Кожонович, текшерүү комиссиясынын докладын Нарбекова Айнура Амиракуловна жасады.

2 докладды толкулоо боюнча жарыш сөздөргө С.Байдөөлөтов атындагы орто мектептин директору Айымбетов Шадыкан Аликеевич, Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынышов Тажибай Мамбетович, “Келечек” балдар-бакчасынын тарбиячысы Мамашова Бузаида Дыйканбаевна, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы Исмаилов Абдукахар Арапович чыгып сүйлөшүп, бүгүнкү күндөгү профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык абалы, аны жакшыртуунун жолдору, өнөктөштөр менен мамиле-алаканы жаңы денгээлге көтөрүү боюнча омоктуу ой-пикирлерин билдиришти.

Жарыш сөзгө катышкандардын бардыгы отчетторду “канааттандырарлык” деп табуу боюнча сунуш киргизишти.

Делегаттардын сунуштарынан кийин конференциясынын токтому окулуп, ага ылайык райкомдун 2014-2018-жылдарда жүргүзгөн иши боюнча отчетту “канааттандырарлык” деп бааланды.

Текшерүү комиссиясынын отчету бекитилди.

Кийинки маселе боюнча билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райкомунун курамы 25 мүчөдөн бекитилди.

Ал эми текшерүү комиссиясынын 3 кишиден турган курамы бекитилди.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райондук комитетинин төрагалык кызматына Кудайбердиев Ызан Кожонович кайрадан шайланды.

Райондук комитеттин президиумунун курамы 5 мүчөдөн шайланды.

Күн тартибиндеги маселелер каралып бүтүп, конференциясынын иши “жабык” деп жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолду.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Токтогулов Асылбек Токтогулович кеңири сөз сүйлөдү.

Ал 31-Август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү, жана

1-Сентябрда белгиленүүчү Билим майрамы менен жалпы катышуучуларды куттуктап,  профсоюздун Борбордук Комитетинин бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан ар тараптуу иштери боюнча маалымат берди.

Билим берүү кызматкерлерине социалдык-экономикалык жактан түзүлүп жаткан шарттар, октябрь айынан тарта тармактын кызматкерлерине айлык маяналардын көтөрүлүшү чечилгендигин маалымдап, ошону менен бирге жоопкерчиликти жогорулатып, учур талабына шайкеш иштөөнүн зарылдыгын белгиледи.

Конференциянын ишине профсоюздун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.Исмаилов, Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Тынышов, Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы – акимдин социалдык маселелери боюнча орун басары А.Чынасова, райшааркомдордун айрым төрагалары катышышты.

Профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов Чаткал районундагы “Жаңы-Базар” айылындагы  Т.Жаналиев, Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөөлөтов атындагы орто мектептердин жетекчилери жана жамааттардын өкүлдөрү менен жолугушушту.

Ала-Букада райондук мамлкеттик администрациясынын башчысы – аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович менен жолугушуп, билим берүү кызматкерлерине райондук бийлик жана айыл өкмөттөр тарабынан түзүлгөн шарттар менен таанышты. Райондун жетекчиси педагогикалык кадрларга камкордук көрүү, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Мындан тышкары А.Токтогулов Аксы, Таш-Көмүр, Жалал-Абад райондук, шаардык комитеттердин өкүлдөрү менен иш орундарында жолугушуп, алардын жүргүзүп жаткан иш-аракеттери менен таанышып, баалуу кеңештерин берди.

 

Бегматов А.

профсоюздун Жалал-Абад обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы