Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов менен жолугушуу

2022-жылдын 5-августунда КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов менен профлидерлердин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 12-июлундагы Жарлыгы боюнча Борбордук  комитеттин төрагасы А.Токтогуловдун 29-июлдагы кайрылуусун жер-жерлерде кандай ишке ашыруу чаралары жүрүп жаткандыгы тууралуу сөз болду.

Обкомдун төрагалары, профлидерлер кыскача маалыматтарды беришти. Жарлыкты турмушка ашыруу иш-чаралары жөнүндө ой-пикирлер, сунуштар айтылды. Андан тышкары, жайкы эс алуу  өнөктүгүн жогорку деңгээлде өткөрүү милдетери тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров