Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин төрагасы А.Т.Токтогулов Базар-Коргондук өнөктөштөр менен жолугушту

Кыргыз  Республикасынын билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин  төрагасы  А.Т.Токтогулов    2020-жылдын  22-декабрында  Жалал-Абад  облусуна  болгон  иш  сапары  алкагында Базар-Коргон  районунда  болуп  өнөктөштөр  менен  жолугушту. Борбордук Комитеттин  төрагасы  А.Т.Токтогулов , обкомдун  төрагасы  А.А.Исмаилов райондук  билим  берүү  бөлүмүнүндө  болуп,  ал  жерде  кызматкерлерге эмгектенүү  үчүн  түзүлгөн  шарттарды  райондук  билим  берүү  бөлүмүн  башчысы  С.К. Сариев  тааныштырды. Имараттын  ремонту, мебелдер,  жаңы  технологиялык  жабдуулар алуу  үчүн долбоор  менен бир миллион сом  инвестиция тартылып, жамаат  үчүн талапка  ылайык  шарттар түзүлгөндүгүнө  күбө болушту. А. Т.Токтогулов райондук  мамлекеттик  администрациясын башчысы-аким Козуев Бакыт  Садыкович  менен жолугушуп, жаңы кызматы  менен  куттуктап, билим берүү  тармагынын  көйгөйлүү  маселелери  менен  пикир  болушту. Аким  райондо билим  берүү тармагында  окуу-материалдык  базаны  чыңдалышы,  билим  берүү  кызматкелерине  көрүлүп  жаткан  камкордуктар,  3  тараптуу макулдашуулар  менен чечилип  жаткан жакшы ийгиликтер  жөнүндө  айтып, А.Т.Токтогуловко ыраазычлыгын  билдирди. Жолугушуга обкомдун  төрагасы  А.А.Исмаилов, райондук  билим берүү  бөлүмүнүн  башчысы  С.К.Сариев, райкомдун  төрагасы С.С.Жаркынбаевтер  катышты.

Материалды  даярдаган:  Обкомдун  инспектору-А.Айдаров.