Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин токтомдорун ишке ашыруу чаралары

Кыргыз Республикасынын билим берүү   жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук Комитети  “2019-жыл-Региондорду өнүктүрүү жана  санирептештирүү  жылында” райшааркомдордун  жана  ЖОЖ, АОЖ профкомдорунун ишмердүүлүгүн  жогорку баскычка  көтөрүү  максатында  иш-чаралар  кабыл  алып, жаңы  милдеттерди белгиледи.

Аталган токтомдорду  ишке  ашыруу үчүн билим берүү   жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Жалал-Абад  облустук комитети  2019-жылдын  12-мартында Ноокен районунун №16 Ж.Турусбеков  атындагы  орто  мектебинин  базасында окуу  семинарын  өткөрдү. 

Семинарга  райшааркомдордун  төрагалары, бухгалтерлери, укук  жана  эмгек  боюнча инспекторлору,  обкомдун жооптуу  кызматкерлери  катышышты.

Семинар катышуучулары 3  тайпага бөлүнүп  иштеп 1-тайпа  менен обкомдун  төрагасы А.Исмаилов, обкомдун  уюштуруу болумунун  башчысы А.Бегматов, 2- тайпа менен обкомдун  инспектору  А.Айдаров, 3-тайпа менен  финанса бөлүмүнүн башчысы З.Сулайманов окуу  материалдары слайддар менен беришти.

Тайпаларда төмөндөгү тематикалар боюнча материалдар берилди:

  1. Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жолдору.
  2. Профсоюздук ишмердүүлүктө уюштуруу иштери.
  3. Айлык акыларды эсептөө жана эмгекке жарамсыздык баракчаларына төлөөлөр.
  4. Укук коргоо иштери жана эмгекти коргоо ,коопсуздук техникаси нормаларын аткарылышын көзөмөлдөө.
  5. Финансалык иштерди уюштуруу.
  6. Жаштар менен иштоо жана маалымат иштерди уюштуруу.
  7. Балдар эмгегин пайдаланууну алдын алуу чаралары.
  8. Профсоюздук ишмердүүлүктө гендердик саясатты ишке ашыруу.
  9. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары.

Семинарды обкомдун төрагасы А.Исмаилов жыйынтыктап, алынган билимдерди профсоюздук ишмердүүлүктө толук  пайдалануу  милдеттерин койду.

 

 

Материалды даярдаган:

Обкомдун  инспектору

А.Айдаров.